Тренинг Чечендик өнөр

Бишкектеги “Оратордук чеберчилик жана лидерлик” мектеби

                                                   «Чечендик өнөр»

                                     курсуна кабыл алууну баштады.

ТРЕНЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ

 

ЭЛЬМИРА ТУРСУНОВА

Чечендик өнөр боюнча эң биринчи кыргыз тилдүү тренер.

Кыргыз тили боюнча күчтүү  адис   тренер 5 жылдык тажрыйбасы бар.

1700 дөн ашык инсандарды даярдап келет.

Эгембердиев Таланттын окуучусу андан сырткары эл аралык долбоорлор менен иштешет.

  • Кыргыз тилинде ойду так, таамай жеткирүүгө, диалектилерди оңдоого жардам берет
  • Сөз байлыкты көбөйтүү жана туура сүйлөө ыкмалары боюнча автордук шилтелмелери бар
  • 12 коомдук жана саясий уюмдарга тренингдерди өткөрүп жүрөт
  • 15 макаланын автору

Окуу мөөнөтү: жалпы 1 ай — 8 тренинг.

Жумасына эки жолу: Шейшемби жана жума кундөрү. 19:00 – 21:00 чейин.

Баасы: 3000 сом

Тел.:0554104255

Тренинг кимдер үчүн?

  • Саясатчылар, бизнесмендер, менеджерлер үчүн. Себеби, тегерек столдо, жолугушууларда, чогулуштарда, презентация жасаганда, интервью бергенде, докладдарда кыргыз тилде так таза сүйлөп, оюн ишенимдүү жеткирүүгө жардам берет
  • Орус мектепти бүтүп, орусча ой жүгүрткөн кыргыз тилинен кыйналып, так сүйлөй албагандар үчүн кыргызча нукура сүйлөп ошол эле учурда адабий дилдин нормаларын сактап, макалдаштырып сүйлөөгө үйрөтөт
  • Өз эне тилин байытам, инсандык дараметимди көрсөтөм, лидерлик сапатымды өстүрөм, тартынуу, уялуу, жүрөксүнүү, коркуу сезимдерди жоюп, көпчүлүктүн астында эркин тартынбай суйлөөгө жардам берет

Сиз өзүңүздүн жөндөмдүү, сезимтал, ойлоп табуучу, уникалдуу, чыгармачыл экениңизди ар кандай  психотренинг аркылуу далилдейсиз.

 Кыскача программа:

Көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу;

Коркуу, тартынуу, сүрдөө жана жүрөксүнүүнү терс көрүнүштөрүн башкаруу;

Өзүн кызматташтык жаатында  жогорку денгээлде тааныштыруу;

Үндү  туура коюу ыкмасы;

Кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу (вербалдык жана вербалдык эмес  байланыштар);

Сөз байлыкты өстүрүү, маданиятуу сүйлөө чеберчилиги;

Позитивдүү ой-жүгүртүү ыкмасы;

Эмоцияны  башкара билүүнү;
Мотивация, шыктандыруу механизми;
Өзүн-өзү тааныштырууну;

Телефон 0554104255

БИЗДИН ОКУУЧУЛАР

СЫН-ПИКИР

Табылды Акеров

Бүгүнкү күндө тренингди кыргыз тилинде өткөрүү эң маанилүү. Көпчүлүк жарандар өз ойлорун кыргыз тилинде жеткирүүгө дилгир. Бирок, алар дайыма эле өз ойлорун жетиштүү адабий тилде жеткире албайт.   Ошондуктан, Эльмира Абасовнанын чечендик өнөр боюнча өтүп жаткан тренинги азыркы учурдун талабына толук жооп берет.

 

 

 

 

Динара Молдокулова

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 73 пайыздан ашыгын кыргыздар түзүп, калктын негизги бөлүгү кыргыз тилдүү элет жергесинде турушат. Бирок, ошого карабастан кыргыз тилине байланышкан көйгөйлөр абдан арбын. Анын көрүнүктүү мисалы катары, мамлекетибиздин келечеги болгон өспүрүмдөрдүн, жаштардын кыргыз тилине болгон мамилесин айтсак болот. Алардын дээрлик көпчүлүгү өз эне тилинде эркин, так сүйлөп же өз ойлорун кенен түшүндүрө алышпайт. Мындан тышкары таза, нукура кыргыз тилинде дарс окуган окуутуучулар же кыргыз тилинде илимий иш жазган окумуштуулар да салыштырмалуу аз. Ошондуктан Турсунова Эльмира өткөрүп жаткан  тренинг кыргыз тилин жакшы өздөштүрүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө жана кеп маданиятын калыптандырууга жакшы жардам берет

Нурай Жаныбаева

Ар бир окуучу же студент өзүнүн инсандык сапатын көтөрүүгө аракет жасап келет. Мен Талант Эгембердиевдин мектебиндеги “Чечендик өнөр” курсунун 2 деңгээлин Турсунова Эльмира эжеден алдым. Чындыгында өтө натыйжалуу жана эффективдүү тренинг болду. Азыр көпчүлүктүн алдында эркин сүйлөйм, презентацияларды  өткөрөм, сөз байлыгым кенен  көп кырдуу инсандар  менен жолукканда  оюмду жеткирип алардын денгээлинде баарлаша алам. Терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

 

Тагай Беделов

Саламатсызбы Элмира  . Жоноткон суротторунузго чон рахмат. Сизге чон ыраазычылыгымды билдирем, сиз бизге жакшы таасир калтырдыныз, билбегенибизди сиз аркылуу билип алдык, бирок убакыттын тардыгынан ааз билим алып калдык деп ойлоймун. Сизге жекече жазылып барса болобу, болсо окуунун убактысы жана толому кандай болот?

 

 

Санат кызы Ырыс

Менин атым Ырыс. Сиздердин чечендик өнөр мектебиңиздерден 1 ай (июль) сабак алдым. Биздин тайпада ар кандай курактагы (20 жаштан 56 жашка чейин), ар түрдүү кесиптин ээлери (студенттер, мугалим, жеке компаниянын башкы директору ж.б.) болгондуктан эң сонун аура түзүлүп, бири-бирибизди жакшы түшүнүп жаттык. Ал эми бизге жоопкерчиликтүүлүк, кызыгуу жана чеберчилик менен сабак өткөн Элмира Абасовнага ыраазычылык билдирем. Чечендик өнөр сабагынан кийин өзүмдө ишеним пайда болуп, психологиялык жактан көп маалыматтарды алганымды байкап жатам. Бирок сабак өтүүдө камера көбүрөөк колдонулуп, микрофон сыяктуу техникаларды пайдалануу мындан да эффективдүү болот деп ойлойм…. Ийгилик!

 

Телефон 0554104255

Дареги: Бишкек шаары, Сагынбай көчөсү, 77 (Советский/Токтогул)